Биз менен байланышыңыз

БШК добуштарды кол менен эсептеп жатат

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 1316 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуштарды кол менен эсептей баштады.

Саат 14:00гө карата БШКга шайлоо участкаларынан 335 протокол келип түшкөн, бул 13,43 пайызды түзөт.

Жалпы 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала жыйынтыгы чыгарылган. Алдын ала эсеп боюнча:

«Ата-Журт Кыргызстан» (17,4%);

«Ишеним» (13,7%);

«Ынтымак» (10,95);

«Альянс» (8,35);

«Бүтүн Кыргызстан» (6,75);

«Ыйман Нуру» (6,04).

Copyright © 2017 Maral FM