Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 30-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3;
Бишкекте 30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +4…+6 градус жылуу.