Биз менен байланышыңыз

Дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 97%ын башкалар алган. УКМК териштирүү баштады

Кыска кабар | 29 Ноя 2021 | 495 | 0

«Айыл Банк» ачык акционердик коомундагы коррупция фактысы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3%ы гана жетип, калганын чиновниктер туугандары алып иштетип келишкенин айткан. Мындан улам ал Эсептөө палатасына кредиттерди иликтеп чыгуу тапшырмасын берген.

УКМК буга байланыштуу «Айыл Банктын» ишин текшерди. Анын жыйынтыгында, «Айыл Банк» айрым компаниялардын өтүмсүз мүлкүн күрөөгө алып, ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес берип келгени тастыкталды.

Мындан тышкары насыялар дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталбаганы, банктын төлөмдөр боюнча ири карызы бар экени аныкталды.

Буга байланыштуу УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен иликтөө, тергөө ишин баштады.

Анын жыйынтыгында «Айыл Банк» ААКнын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM