Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулардын саны 2 жарым эсе өстү

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 319 | 0

Кыргызстандын сыртындагы шайлоочулардын саны 2 жарым эсе өстү. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров брифинг учурунда кабарлады.

Былтыркы парламенттик шайлоодо 32 миң 600дөй шайлоочу болсо, быйылкы өнөктүккө 84 миң шайлоочу добуш берүү үчүн катталган.

Шайлоо участокторунун саны 45тен 59га көбөйтүлдү.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Учурда жалпы кыргызстандыктардын добуш берүүсүн камсыздоо үчүн чет өлкөдөгү элчилик жана консулдуктарда жалпы 59 шайлоо участогу уюштурулган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 03:00дө алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалинск аймагында ачылды. Учурда чет өлкөдөгү жалпы 16 шайлоо участогу иштеп жатат. Калган добуш берүүчү жайлар жергиликтүү саат 08:00дө иштеп баштайт.

Парламенттик шайлоо бул жолу жаңы система менен өтүп жатат. Анда 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Шайлоо тартиби партиялык тизме үчүн преференциалдык система менен болуп, шайлоочулар партияны жана партиянын ичинен талапкерди тандай алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM