Биз менен байланышыңыз

«Эл аралык уюмдарды киргизе берүүнүн кооптуу жагы да бар»

Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамысыз жашап кете алат, бирок шарт өзгөрөт. Мындай пикирин IFCнин укуктук консультанты, талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алар өлкө бюджетине олуттуу жардам берип келишет. Ошол эле Азия өнүктүрүү банкы жылына Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо иретинде 50 млн долларга чейин берет. Дүйнөлүк банк деле мамлекеттик бюджетке акча берип турат. Ал акчалар пенсия, жөлөк пул, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын төлөөгө кетет.

«Жөнөкөй тил менен айтканда, ал уюмдарда канча кыргызстандык жаран иштеп, акча таап  жатат. Андан сырткары булар эксперттик жагынан да жардам беришет. Мисалы, биздин мамлекеттик органда иштеген адамдардын жумушу өтө көп. Алар кайсы бир чечимди кабыл алууда аналитика жүргүзүп отурууга убактысы болбой калышы мүмкүн. Мына ушундай учурларда бул уюмдар эксперттерди колдоп, далилдеп, аныктап, маселени чечүү жолдорун айтып беришет. Бул жакшы эмеспи»,  — дейт талдоочу.

Бирок ал эл аралык уюмдардын баарына эле ишене бербөө керектигин билдирди. Кыргызстанда аккредитациялоо системасы так иштебегендиктен, ар кандай экстремисттик, же мыйзамсыз кирешени адалдаштырууну каалаган уюмдар да өлкөгө кирип кетиши мүмкүн. Алар деле «кой терисин жамынып», эл аралык уюмдар сымал иштешет. Ошол себептен коопсуздук жагын биринчи орунга коюу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM