Биз менен байланышыңыз

«Эл аралык уюмдардын ар биринин мандаты бар»

Кыргызстанда иштеп жаткан эл аралык уюмдар бири-биринин ишин кайталабайт. Бул тууралуу IFCнин укуктук консультанты, талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алардын кайсы тармакта иш жүргүзүп жатканын өкмөт менен эл аралык уюмдардын ортосунда түзүлгөн Координациялык кеңеш көзөмөлдөп турат.

Экинчиден, эл аралык уюмдардын ар биринин мандаты бар. ЕККУнун мандаты — чек ара, коопсуздук, ал соода, өнөр жайына кийлигишпейт. Ал эми Азия өнүктүрүү банкынын «фокус» долбоору — инфраструктура. Ал банк деп аталган менен Дүйнөлүк банк сыяктуу эле насыя бербейт, бирок мамлекеттерге грант жагынан жардам берет. Кыргызстанда көбүнчө жолдор ушул уюмдун жардамы менен курулган. ЮСАИД көбүнчө ишкердикке жардам берет. Мисалга алсак, 2-3 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жаткан ишкерлерге кайтарымсыз грант берип жатат. Булар бирок акча  менен бербейт, жабдуу, техника жагынан каралашат.

Дүйнөлүк банк көбүнчө өкмөт менен иштейт. Ал чоң-чоң долбоорлорду  карайт. Аймактардагы айылдарда таза суу чыгарып берүүгө жардам берип келатканы  маалым. Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) болсо, «Бир айыл-бир продукт» деген долбоору менен таанымал. Алар япониялык технологияларды Кыргызстанга алып келип жатат. Бул агенттиктин мандаты — адамдар менен иштөө, адамдардын потенциалын жогорулатуу. JICA акча бербейт, көбүнчө билим берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM