Орто Азия аймагында эл аралык уюмдар менен эң ачык иштешип келе жаткан — жалгыз Кыргызстан. Мындай пикири менен IFCнин укуктук консультанты, талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде бөлүштү.
СССР тарагандан кийин Орусия юридикалык тил менен айтканда, анын «правопреемниги» болуп, СССРдин бардык эл аралык келишимдерин жана укуктарын алып калган. Калган 14 өлкө ар бири эл аралык уюмдар менен өзүнчө келишим түзүп, өзүнчө дипломатиялык мамиле курушу керек болгон. Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан эң биринчиден болуп чек арасын ачып, эл аралык уюмдар биринчи Кыргызстанга келип баштаган. Ошондон улам Кыргызстан «демократиянын аралы» деп аталып калган. Башка өлкөлөр жабык болгон.
«Мисалга алсак, Өзбекстан жаңы эле ачылып баштады, Тажикстан дайыма жабык болчу. Казакстанды ачык деп да, жабык деп да айта албайсың. Ошондуктан Кыргызстан эң башынан эле эл аралык уюмдарга жол ачып берген, Орто Азияда биринчи болуп эл аралык уюмдардын мүчөсү болгон. Дипломатиялык мамиле жаралып, бул жакта эл аралык уюмдардын өкүлчүлүгү ачылгандан кийин өнөктөштүк мамиле түзүлүп баштаган», — дейт ал.
Кыргызстан андан бери эл аралык уюмдардан бир топ жардам алды. Бирок кийинки кездерде кыргызстандыктардын, жаштардын эл аралык уюмдар тууралуу түшүнүгү туура эмес болуп жатат. Кийинки учурларда «чет элдик агент» деген жаман сөз пайда болду. Улукбек Турдубеков эл аралык уюмдар бардык эле жаңыдан бутуна туруп келе жаткан мамлекеттерге жардам колун суна турганын белгилеп, мунун жаман эчтекеси жок экенин кошумчалады.