Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 273 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер Равшан Жээнбековдун тарапташтары шайлоодо үгүт ишин жүргүзүүсүнө уруксат берүү талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митингге чыгышты.

Чогулгандар Жээнбековго үгүт ишин жүргүзүүгө уруксат берилбей, конституциялык укугу бузулуп жатканын, бул саясий чечим экендигин белгилешти. Бирок митингде саясатчынын тарапташтары койгон талапка БШК тарабынан эч кандай реакция болгон жок.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакка алынган. Саясатчы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы Кой-Таш окуясында айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Былтыр 6-октябрда парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыкта абактан бошотулган.

Быйыл 5-августта үй камагынын талаптарын бузганы айтылып, кайра камакка алынган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп атап келет.

Ал 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого Бишкектин Ленин райондук №26 шайлоо округунан талапкер болуп катталган.

Шераалы Бекташ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM