Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист: Дебаттардын форматын өзгөртүү керек

Бизде дебаттарды өткөрүү маданияты калыптана элек. Мындай пикири менен жарандык активист Али Шабдан «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Анын айтымында, дебаттар шайлоого бара жаткан талапкерге өзүн элге таанытып алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк берет. Ал эми шайлоочу талапкердин критикалык ой жүгүртүүсүн, программасын, кайсы бир тармак боюнча билимин байкай алат.

«Биздеги маданият тилекке каршы, идеялардын, принциптердин кагылышы эмес, жекеме-жекеге өтүп кеткен. Ошол себептен көп адамдар иренжип, көрүүгө аракет кылышпайт. Дагы бир маселе: бизде шайлоо убактысы. Кээ бир  өнүккөн мамлекеттерде үгүт иштерин жүргүзүүгө 3 ай убакыт берилет. Анын акыркы бир айы жалгыз дебатка арналган. Демек, бул дебаттын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Американы алсак, аларда дебатка келбей коюу — анекдот. Дебаттан кийин эле кайсы бир талапкердин рейтинги түшүп, көп добуштарын алдырып койгон учурлар болгон», — дейт Али Шабдан.

Ал Кыргызстанда учурда дебатка көп көңүл бөлүнбөй жатканы менен келечекте  абдан маанилүү болот деген үмүтүн билдирди. Дебаттардын көп каралбай жатышын анын мамлекеттик каналда өтүшү менен дагы байланыштырган жарандык активист форматын өзгөртүү зарыл деген оюн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM