Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Газпромбанк» менен меморандумга кол койду

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 700 | 0

Москва шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын биринчи вице-президенти Денис Камышев жана башкармалыктын мүчөсү Алексей Попович менен жолукту.

Тараптар банктык коштоо кызматын илгерилетүү боюнча келечектеги өз ара мамилелерди, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдеринин, эмгек мигранттарынын Орусиядан Кыргызстанга төлөмдөрдү жүргүзүү тутумун өркүндөтүү жагдайларын сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусундагы жолугушууда мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттардын банктык коштоосун киргизүү максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кыргыз тараптан документке Финансы министри Алмаз Бакетаев, «Газпромбанк» акционердик коому тараптан аткаруучу вице-президент – контракттардын банктык коштоосу департаментинин начальниги Олег Мельников кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM