Биз менен байланышыңыз

Сот депутаттыкка талапкер Эмил Жамгырчиевди актады

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 618 | 0

19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Пара алуу” беренеси менен айыпталган Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди актаган чечим чыгарды.

Чечимге ылайык, Жамгырчиевге ачылган иштин курамында кылмыштын белгилери жоктугуна байланыштуу бардык айыптоолор боюнча толук актаган.

«Жамгырчиев Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүгү, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоодо күнөөсү жок деп табылды жана анын жосундарында аталган кылмыштардын курамы жоктугу үчүн акталды», -деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жоюлуп кеткен Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди пара алууга айыптап, кармаган.

Ал Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан аткезчилик менен ташылып келе жаткан өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча айыпталган.

Эмил Жамгырчиев «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM