Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Талапкер Жаныбек Абиров суракка чакырылды

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 362 | 0

Бишкектин №26 Ленин райондук шайлоо округу боюнча депутаттыкка аттанган талапкер Жаныбек Абиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу талапкер өзү кабарлады.

Жаныбек Абиров бүгүн, 19-ноябрда саат 15:00гө УКМКнын Бишкек башкармалыгына чакырылган.

Анын суракка чакырылышына «Фейсбук» колдонуучусу Айсулуу Кудайбердиеванын билдирүүсү себеп болгон. Ал Абировдун сүрөтүн жарыялап, жашы жете элек өспүрүмдөрдү үгүт иштерине катыштырганы үчүн эмнеге суракка чакырылбаганын жазган.

Жаныбек Абиров сүрөттөгү үгүттөөчүлөрү өспүрүмдөр экенин четке какты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM