Connect with us

USAID Кыргызстанга дагы 2.8 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 263 | 0

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга 2.8 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Бул акча Кыргызстандын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүн колдоо, өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында бөлүнөт. Жаңы каржы эмдөө жүргүзүү, маалымат тутумдарын жакшыртуу, медицина кызматкерлерин эмдөөдөн кийинки кыйынчылыктарды аныктоо жана дарылоо боюнча атайын окуудан өткөрүү сыяктуу бир катар иштерге сарпталат. Ошондой эле мунун алкагында вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар колдоого алынат.

USAID каржылоону Abt Associates жана Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДСУ) аркылуу жүргүзөт.

Айта кетсек, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери АКШ Кыргызстанга 8 млн доллардан ашык каражат бөлүп берди. Бул каражат жеке коргонуу шаймандарын сатып алууга, лабораторияларды жаңыртууга, саламаттыкты сактоо маалымат системасын жакшыртууга, медициналык адистерди окутууга, жана кыргызстандыктарга COVID-19 тууралуу маалымат берүүгө жумшалган. Октябрда АКШ Кыргызстанга COVAX программасы аркылуу 250 миң дозадан ашык Pfizer вакцинасын берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM