Connect with us

Бишкекте «Евробиримдик – Борбор Азия» форуму өтөт

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 188 | 0

Эртең, 5-ноябрда Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Дүйнөдө алгачкы ирет уюштурулуп жаткан бул форумга бир катар мамлекеттик органдар, эл аралык каржы институттары, уюмдар, жеке ишкерлер, банк секторунун өкүлдөрү, Дүйнөлүк Бажы Уюмунун, Энергетикалык хартиянын жетекчилери, булардан тышкары көпчүлүк өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, элчилери катышат.

Отурумда жашыл экономика, санариптештирүү, туруктуу ишкер чөйрөнү түзүү, COVID-19 пандемиясы пайда кылган социалдык-экономикалык каатчылыкты биргелешип жеңүү маселелери каралат.

Форумга Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана бир катар өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, вице-премьер-министрлери да келери болжолдонуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM