Connect with us

COVID-19: 91 адамдан илдет табылып, 3 адам көз жумду

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 273 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 4-ноябрга карата 91 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Анын 42си Бишкек шаарынан, 22си Чүй облусунан, төртөө Ош облусунан, үчөө Талас облусунан, 14ү Ысык-Көл облусунан, экөө Жалал-Абад облусунан, төртөө Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда 61 адам илдеттен сакайып чыкты.

Ал эми эмдөө албаган 3 адам каза тапты.

Учурда 653 бейтап стационарларда, 782 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 181 миң 590 адам COVID-19га чалдыккан. Мунун ичинен 175 миң 953 адам айыгып чыгып, 2 миң 679 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM