2020-жылдын март айынан бери токтоп турган Нур-Султан — Бишкек аба каттамдары кайра жандана турган болду. Бул тууралуу «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды.
Бул чечим Казакстандын COVID-19 боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда кабыл алынган. Тактап айтканда, отурумда алар коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтоп турган Нур-Султан — Бишкек аба каттамын кайра жандантуу маселесин көтөргөн.
Жыйынтыгында «Эйр Астана» авиакомпаниясы жакын арада эки өлкө ортосунда каттамдарын кайрадан баштай турганы белгилүү болгон. Каттамдар санитардык-эпидемиологиялык шарттарды толук сактоо менен компаниянын сайтына жарыяланган графикке ылайык жүргүзөт. Өлкөлөр аралык каттамды E190-E2 жана A – 320 учактары ишке ашырат.