Биз менен байланышыңыз

Статком: Кыргызстанда орточо айлык акы көбөйдү

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 268 | 0

2021-жылдын январь-август айында Кыргызстанда орточо айлык акы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 миң 586 сомду түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйгөнүн Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлыгы 231,6 долларды түзгөн.

Эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы өлкөнүн бардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалган.

Ош облусунун (10,9%), Ош шаарынын (13,5%) жана Бишкек шаарынын (9,9 %) ишкана, уюмдарында эмгектенгендердин айлыгы жогорулаганы байкалды. Ошондой Бишкек шаарында орточо айлык 24 931 сомду, Нарын облусунда 18 870 сомду, Жалал-Абадда 18 609 сомду түздү.

Бюджеттик чөйрөдө Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкана-уюмдарында айлык акынын өсүү темпи олуттуу жогорулаган:

-маалымат жана байланыш тармагында — 41 миң 206 сом,

-каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 39 686 сом,

-пайдалуу кендерди казуу — 39 041 сомдон ашкан.

Ошондой эле эң төмөн эмгек акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында — 10 028 сом,

-айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук — 11 355 сом,

-саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө — 11 814 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM