Биз менен байланышыңыз

Орусияда азык-түлүк дүкөндөрдүн кирешеси 20%га көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 301 | 0

Орусиянын борбору Москва шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн кирешеси 20%га чейин көбөйдү. Бул тууралуу Москва шаарын өнүктүрүү жана экономикалык саясат департаментинин жетекчиси Кирилл Пуртов билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

«Азык-түлүк дүкөндөрү эс алуу күндөрү да ишин уланта берерине карабастан, 23-24-октябрда алардын күнүмдүк орточо кирешеси 20%га көбөйүп, ар бири 2,9 миллиард рублга чейин жеткен. Азык-түлүк сатуудан түшкөн киреше атайын дүкөндөрдө көбүрөөк болгон. Ал эми ири соода борборлорунда өсүш мурунку эле калыбында калган», — деген Пуртов.

Айта кетсек, Владимир Путин коронавируска чалдыккандардын саны алда канча көбөйүп баратканына байланыштуу Орусиянын алты крайына 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эмгек акысы сакталган эс алуу күнүн жарыялоо жарлыгына кол койгон. Мунун ичинен Москва шаарында 23-октябрдан тарта катаал чектөөлөр күчүнө кирген, 28-октябрдан тарта азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалардан башка жердин баарында иш токтотулат.

Айта кетсек, октябрь айынын башталышынан тарта Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны бир канча эсеге көбөйгөн. 19-октябрда 33 миң 740 адамдан илдет табылып, бир суткада 1015 адам каза таап, рекорддук көрсөткүч катары катталган.

Мындан улам Орусия президенти Владимир Путин 20-октябрда чукул жыйын өткөрүп, бир катар катаал чараларды кабыл алуу, кезексиз эс алуу жарыялоо боюнча жарлык чыгарып, тиешелүү тараптарга буйруктарды берген.

Андан бери бул көрсөткүч дээрлик азайбай келет. Бүгүн, 26-октябрга карата Орусияда 37 миң 930 адам COVID-19 жугузуп, 1 069 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM