Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда арак ичкендер азайды

Коом | 25 Окт 2021 | 1442 | 0

Улуттук статистика комитети 2019-2020-жылдары ичкиликке берилип кеткендердин саны кыйла азайганын жарыялады. Алардын маалыматы боюнча 2018-жылы ичкиликтен чыга албай калгандар 1191 болсо, 2020-жылы бул сан 995ке кыскарган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуеванын көз карашындаичкиликке берилип кеткендердин аз катталышына пандемия себеп болушу мүмкүн.

Анын маалыматы боюнча, 2018-жылы аракечтикке кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда катталган. Ал эми акыркы эки жылда бул көрсөткүч кыйла азайган.

«Акыркы эки жылда алардын санынын азайышы дүйнө жүзүндөгү падемияга байланыштуу. Пандемия учурунда алкоголь ичимдигин ичкен, таштай албаган адамдар Наркология борборуна кайрыла албай калышты. Биринчиден, эч ким менен байланышпоо керек; экинчиден, пандемия учурунда Наркология борбору COVID борбору катары колдонулду. Ошол себептүү бардык наркологиялык оорулар боюнча жарандар кайрыла албай калышты. Ошого байланыштуу статистика да төмөндөп кетти. Бирок ичкендердин саны азайып калды деп айтуудан алыспыз. Алкоголдук ичимдиктер мурда кандай сатылса, учурда ошол боюнча эле уланууда. Ооруканага кайрылбагандыктан азайып кетиши мүмкүн».

Ал эми экономика маселелери боюнча адис Азамат Аттокуровдун айтымында, Кыргызстанда арак-шарап чыгарган ишканалар сатылган алкоголь ичимдиктеринин так санын көрсөтпөйт. Ошол себептен статистикалык маалыматтар ынанымдуу болбошу ыктымал.

«Биринчиден, исламизация: Ислам динин кармангандар көбөйүп жатат. Мындан сырткары алкоголь ичимдиктерин чыгарган ишканалардын статистиканы азайтуусу. Анткени алар 100 пайыздык сатууларды көрсөтпөйт. Дагы бир себеби, өзгөчө шаарларда жаштар сергек жашоо менен жашап, атайын марафондорду уюштуруп жатышат. Статистика да бул боюнча так маалымат бере албайт. Бул нерсеге спирт ичимдиктерин чыгарган ишканалардын таасири болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүгүндө чынында эле ичимдик ичкен тургундардын саны азайып барат. Бара-бара алкоголь ичимдиктерин ичкен адамдардын саны дагы азайышы мүмкүн».

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы наркологиялык борборлордо ичкиликтен чыга албай калган 35 миңге жакын жаран каттоодо турат, алардын 88 пайызы — эркектер. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир алтынчы эркек киши аракты туура эмес колдонгондон же арактан пайда болгон оорулардан көз жумат.

Copyright © 2017 Maral FM