Connect with us

Юристтен жооп: Чет өлкөлүк жаран менен ажырашуу кандай жүрөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2021 | 330 | 0

Жубайы КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болсо, анда ажырашуу Кыргызстанда эле жүрөт. Бул тууралуу жеке юрист Жаңыл Алымкул кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анткени, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда жарандык, үй-бүлөлүк кылмыш иштери боюнча бири-бирине юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу атайын документ кабыл алынган. Анын негизинде кайсы бир КМШ өлкөлөрүндө чыккан чечим аймактагы бардык өлкөлөргө күчкө ээ. Бул жактан чечим чыгарылат. Чыккан чечимди бул жактагы Сот департаментине жөнөтөбүз, алар Орусиянын, Украинанын сот аткаруучуларына жөнөтөт. Анан ал жактан өндүрүшкө алынып аткарыла баштайт.

«Эгер жубайы КМШ өлкөлөрүнөн эмес, Европадан же түркиялык, америкалык болсо, анда бир аз татаалыраак болот. Биринчи, эгер ошо адам Кыргызстанга келген болсо, анын акыркы жашаган аймагы боюнча сот карап кое берет. Мисалы, бул жакка келип жашап кетсе же жөн эле келип кайра кетсе, сот Кыргызстандагы акыркы жашаган дареги боюнча карап, чечим чыгарып коё берет. Сырттан чечим чыгарып коёт, бул оңоюраак варианты. Болбосо бул жерде арыз жазып, аны ошол өлкөгө жиберебиз, анан ал жактан кайра кат алып, сот датаны белгилеп, кайра ал жакка жөнөтөт. Мында мөөнөт өтө узарып кетет», — дейт ал.

Эгер мүлк талаш болуп жатса, КР беренелерине ылайык, тең экиге бөлүнөт. Бул — эгер жубайлар чогуу тапкан мүлк болсо. Эгер экөө үйлөнгөнгө чейин мүлкү болгон болсо, бөлүштүрүлүүгө жатпайт. Эгер сизге белек иретинде же мурас иретинде берилген мүлк болсо, ал да ажырашканда бөлүнбөйт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM