Connect with us

Кыргызстан менен Чехиянын ички иштер министрлери жолугушту

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 259 | 0

Бүгүн Кореянын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Чех Республикасынын полициясынын жетекчиси Ян Сейдер менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү Кыргызстан ИИМинин артыкчылыктуу максаты болуп саналарын маалымдады.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин жетекчиси азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга көнүл бурулуп жаткандыгын маалымдады.

Өз кезегинде Чех полициясынын жетекчиси Ян Сейдер кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даяр экенин тастыктады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM