Биз менен байланышыңыз

УКМК: КМШнын коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн XI эксперттик кеңешмеси өттү

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 188 | 0

Кечээ Бишкек шаарында УКМКнын колдоосу астында КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борбору тарабынан уюштурулган, КМШга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары жана укук коргоо органдары терроризмге жана экстремизмден башка зордук-зомбулук көрүнүштөргө каршы туруу боюнча Коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин алкагында Ооганстандагы ички саясий кырдаалдын курчушунун чегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алышуу болду. Бүгүнкү күндө анын туруксуздугунун олуттуу фактору болуп КМШ мамлекеттеринин террористтик активдүүлүгү күчөгөн аймактарга географиялык жакындык болуп саналат. Бул алардын аймагына чыңалууну өткөрүп жиберүү, ошондой эле терроризм идеологиясын жайылтуу, калкты экстремисттик жана террористтик иштерге тартуу коркунучу жаралары айтылды.

КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын атайын кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын координацияланган иши боюнча эксперттик кеңешменин жүрүшүндө түзүлгөн сунуштар жана каалоолор жыйынтыктоочу документте чагылдырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM