Биз менен байланышыңыз

Жакында Кыргызстанга Pfizer BioNTech вакцинасы келет

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 563 | 0

Кыргызстанга 27-октябрда эл аралык COVAX механизми аркылуу Pfizer BioNTech вакцинасы жеткирилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 22-октябрда Республикалык иммунопрофилактика борборуна барганда билдирди.

Анда министр вакциналарды сактоонун жана колдонуунун шарттарын текшерип, кызматкерлердин Pfizer BioNTech вакцинасын кабыл алууга даярдыгы менен таанышты.

Мындан сырткары СOVAX эл аралык механизми аркылуу алынган 4 төмөнкү температурадагы муздаткычтын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берилди.

«Биз сезондук вирустук оорулардын, анын ичинде коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык өсүшүнө даяр болушубуз керек. Буга байланыштуу учурда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык бөлүмдөрүн кеңейтүү каралууда. ПЦР тестти аныктоодо узун кезектерди болтурбоо үчүн биз керектүү жабдуулардын запасын дайыма толуктап турабыз», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM