Биз менен байланышыңыз

«Жоопкерчиликтүү коом курмайынча, бизде эч качан өнүгүү болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2021 | 729 | 0

Бир дагы идеалдуу система болбойт, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун да кайсы бир  кемчиликтери болгон. Бирок ошентип жатып тажрыйба топтоп, жоопкерчиликтүү коом пайда болмок. Мындай пикирин мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Азыр болсо жоопкерчиликтин баарын бирөө эле алып, «калгандарыңар менин кулум болосуңар» дегендей эле система болуп калды. Кул менен эгемен адамдын айырмасы эмнеде? Жоопкерчиликте. Кул жоопкерчилик албайт, кул: «Менин кожоюнум эмне десе ошону аткарам, ошол эле айтып берип турсун» , — дейт.  Эгемен киши: «Мен ар бир нерсеге өзүм жоопкерчиликти алам, жакшы болуп атабы, жаман болуп атабы ошого мен өзүм жооп берем», — дейт. Жоопкерчиликтүү коомду курмайынча, бизде өнүгүү эч качан болбойт», -дейт Токтогазиев.

Ал бийлик элдин пикирин эске албаса, бул детонатордой болуп чогулуп-чогулуп отуруп бир күнү жарылат деген ойдо.

«Тоо-кендерде элдин оюн эске албагандыктан, бул ар бир революциянын себепкери болгон да. Бийлик менен байлык деген өзгөчө нерсе экен да, кишинин көзүн май басып кетет экен, керсейип калат экен. Мына, биздин Лондондон келген кишибиз да: «Биздин кылыбыз дагы кыйшайып койбойт, биз баарын кыйратып коебуз, эч ким менен сүйлөшпөйбүз, эл менен да сүйлөшпөйбүз», — деп жатат, эл менен эсептешпегени эч качан жакшылык менен бүтпөйт. Былтыр ушу жаңы Конституциянын долбоору чыкканда эле,  мен министр болгонума карабай каршы чыккан болчумун, анткени биз туруктуу бир жолго өтүп баратканбыз, каталар болгон, кемчиликтер болгон, туура эмес депутаттар болгон. Бирок кеп системада эмес да, убакыт керек болчу, дагы кичине убакыт керек болчу. Эми-эми көнүп баратканда биз кайра аны таштап коюп, башка жолго чыгып кетип атабыз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM