Биз менен байланышыңыз

Тилек Токтогазиев: Кечээки жарлык — артка кеткендин көрсөткүчү

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2021 | 453 | 0

Президенттин кечээ кол койгон жарлыгы — Кыргызстандын артка кеткенинин көрсөткүчү. Мындай пикирин мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Мисалга Казакстан менен Өзбекстанды алсак, ал жакта бийликтин вертикалы бар. Президенттеринин чечими эң жогорку деңгээлде каралып, айтканы аткарыла турган өлкөлөрдө азыр тескерисинче, өзүн-өзү башкаруу системасына көбүрөөк ыйгарым укуктарды берип жатышат.

«Алар биз 10 жыл мурун түшкөн жолго эми түшүп жатышат. А биз 10 жылдан бери өзүнө-өзүн башкартып жатып, эми кайра артка кетип жатабыз. Айыл жашоочулары өзүнүн турмушун президентке караганда же президенттин администрациясына караганда жакшыраак билет да. Эгерде бир нерсеси жакпаса, ошол кишилер айтат, алар эгерде нааразы болсо, ошол айыл өкмөтүнүн деңгээлине нааразы болот. Азыр эгер туура эмес чечимдер болуп жатса, айыл өкмөтү жакшы иштебесе, кимге нааразы болот? Президентке нааразы болот. Бул чогулуп-чогулуп туруп, кайра эле президенттин башына түшөт. Ошондуктан «жоопкерчиликтин баарын өзүмө алам» дегенин мактасак болот, бул кыйын киши экен дегендей кылып, бирок ошол эле учурда натыйжалуулук жагынан карасак, бөлүштүрүү керек», — дейт ал.

Эң өнүккөн экономикаларда, керек болсо, кичинекей Швейцарияда, кантон деп бөлүштүрүлүп, ар бир кантондун мыйзамдары башкачараак болот. Федералдык мыйзамдар бар, анан ичиндеги ар бир аймактын өзүнчө мыйзамдары бар, өзүнчө салыктары дагы бар. Ушул аркылуу ар бир аймак бири-бирине конкурент болуп, конкуренттик чөйрө пайда болот.

«Бизде болсо эми конкуренттик чөйрө пайда болушу мүмкүн эмес, анткени баарын президент өзү жалгыз чечип алат. Конкуренттик чөйрө президенттин администрациясында жүргөн кишилердин арасында болот, формалдуу эмес жолдор аркылуу кадр маселелери чечилип баштайт. Жабык эшиктердин артында көп чечимдер кабыл алынат, коррупциялык элементтер болушу толук мүмкүн. Ошонун арты менен президенттин аты кайра жаманатты болот. Ошон үчүн менин оюмча, бул жакта прогресс эмес, бул — регресс, мүмкүн биринчи жылы жаңы болуп жатат деп жакшы эффект бериши мүмкүн, бирок узак мөөнөттү алганда, бул  — аябай эле артка кеткендин көрсөткүчү», — дейт экс-чиновник.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM