Биз менен байланышыңыз

«Жергиликтүү бийлик иштебей, шаарга пикетке келгендер көбөйгөн»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2021 | 473 | 0

Жаңы Башмыйзам бардык жоопкерчиликти президентке жүктөгөн менен жергиликтүү бийликтин чаржайыт жүрүшүнө жол берилбейт. Бул тууралуу экс-депутат Эсенгул Исаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал Президенттин акыркы чыгарган жарлыктары жаңы Башмыйзамдын негизинде болуп жатканын белгилеп, өлкө башчынын жергиликтүү бийликтин дарегине айткан сынына кошула кетти.

«Мен, мисалы, 1995-1999-жылдары айыл өкмөт башчысы болуп иштегем. Ошондо биз жылда аттестация өтчүбүз. Ар бир айылдагы кары-жаштын, керек болсо, кош бойлуу аялдардын санын билчүбүз. Бизде жоопкерчилик бар болчу. Кийин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  мамлекеттик агенттиги болгону, алар иштеген жок. Ошон үчүн элдин мүдөөсү жеринде угулбай, «президентке кирем, премьерге кирем» деп шаарга келип, пикет кылгандар көбөйдү да», — дейт экс-депутат.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликте иш жүргүзүү үчүн көп рычагдар бар, тиешелүү мыйзамдар да кабыл алынган. 2015-жылдын 1-январынан баштап ыйгарым укуктарына кошуп, каражат да каралган. Бирок бюджетте акча жогунан ал мыйзам иштебей жаткан. Экс-депутат Акылбек Жапаров убадасына туруп, бюджетти 2-4 эсе көбөйтсө, жергиликтүү бийлик да иштей алат деген оюн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM