Биз менен байланышыңыз

Кантип вирустук инфекциялардын алдын алабыз? Адистен кеңеш

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Окт 2021 | 486 | 0

Курч кармаган вирустук инфекция аба аркылуу жуккандыктан сөзсүз түрдө бет кап тагынуу керек. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асел Акымбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бейтап чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, көп сандаган вирустар абага тарап, башка адамдарга жугат. Андыктан коомдук транспортто болобу же соода-сатык түйүндөрүндө, базарларда болобу, сөзсүз түрдө бет кап тагынуу керек, бул эң биринчи алдын алуу чарасы болуп эсептелет. Андан сырткары респиратордук вирустук инфекция кир кол аркылуу да жугушу мүмкүн.

«Анткени ооруган адамдар колубуз менен мурдубузду кармайбыз, чүчкүрөбүз, анан колубузга вирус жугуп калат, анан биз эмеректерди кармайбыз, же эшиктин кармагычтарын кармаганда жугузуп алышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн колду жууп туруу керек, экинчи алдын алуу чарасы — антисептик колдонуу керек. Колду да бат-баттан жууп койбой, 15-20 секунда аралыгында аябай жакшылап жууш керек, самынды көбүртүп алып. Андан сырткары коомдук жайларда дистанция кармоо. Жөтөлгөн, чүчкүргөн адамдардан алыс болуу. Андан сырткары иммунитетти көтөрүү керек, туура тамактануу,  7-8 сааттан кем эмес уктоо керек. Андан кийин суюктукту көп ичүү, физикалык активдүүлүк, күнүнө көнүгүүлөрдү жасап турсак, кан айлануу жакшырып, иммунитетибиз  чыңдалат. Күнүнө жарым сааттан кем эмес жөө басып сейилдөө керек», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM