Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматына жаңы аскердик унаалар сатылып алынды

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 344 | 0

Бүгүн, 21-октябрда Президент Садыр Жапаров Чек ара кызматына аскердик техника тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

40 брондолгон аскердик унаа Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө максатында өлкө башчынын тапшырмасы менен сатып алынган.

Президент Садыр Жапаров УКМКнын жетекчилигин, Чек ара кызматынын аскерлерин куттуктап жатып, бул техникалар өлкө коопсуздугу үчүн алынганын белгиледи. Ошондой эле жаз айларында Куралдуу Күчтөрдүн жарактан чыккан техникаларынын баары, муну менен катар Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин да аскердик-техникалык базасы жаңыртыларын маалымдады. Андан тышкары кийинки жылга чек ара кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселеси каралып жатканын да айтты.

Белгилей кетсек, Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жаңы аскердик техникалар бюджеттик эсептен алынып жатат. Буга чейин ар кандай уюмдар, өлкөлөр жардам катары берип турган.

Кыргызстан төрт мамлекет: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен чектешет. Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара тилкеси ушул кезге дейре толук такталып бүтпөй келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM