Биз менен байланышыңыз

Орус тилдүү мектептердин директорлору окутулуп жатат

Билим-маданият , Коом | 21 Окт 2021 | 1963 | 0

Бишкек шаарында орус тилдүү мектептердин директорлорунун республикалык форуму өтүп жатат. Иш-чаранын максаты мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окуу процессин сапаттуу уюштурууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Аны Билим берүү жана илим министрлиги «Орусия кызматташтыгы» мекемесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүүдө. Форум эки күнгө созулат. Анын алкагында Орусиядан келген усулчулар менен Кыргызстандын мугалимдеринин ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында чеберчилик сабактар өткөрүлөт.

Форум республиканын мектептеринде орус тилинде билим берүүнү өнүктүрүүгө жана Орусиянын тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдары менен кызматташтыкты арттырууга багытталган чаралардын комплексин камтыйт.

Орусиядан Кыргызстанга келген өкүлчүлүктүн катарында орус тилин жана адабиятын окутуу жаатында дасыккан адистер, мектеп директорлору, билим берүү тармагы боюнча серепчилер, коомдук уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова форум аркылуу Кыргызстандагы орус тилдүү мектептердин көйгөйлөрүн чечүү пландалып жатканын айтты.

«Кыргызстанда кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим берүүчү мекемелер бар. Орус тилинде окуткан мектептердин саны көбөйүүдө, 300гө жакындап калды. Ал мектептерде кандай көйгөйлөр бар, мугалимдер кандай иштеп жатат, кандай жетишкендиктер бар, ушуларды изилдейбиз. Бардык аймактардагы орус тилдүү мектептердин директорлору чакырылды. Орусиянын билим берүү жаатындагы адистери менен кандай тажрыйба алмаша алабыз? Эки мамлекет бири-бирине билим тармагында кандай жардам бере алат? Бул бир жактуу эле эмес. Алардын гана тажрыйбасын изилдебей, алар биздин да тажрыйбаны изилдешет. Мектептердеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн алар менен бирдиктүү чечимдерге келсек деген планыбыз бар. Форумдун программасы абдан кызыктуу. Бул форумдун натыйжасында жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген ишеничтебиз».

Талас облусунун Покровка орто мектебинин директору Жыргалбек Жунушовдун айтымында, Орусиянын усулчулары менен тажрыйба алмашууда күчтүү билим берүү базасын түзсө болот.

«Бүгүн эки күндүк форумга катышууну баштадык. Форум орус тилдүү мектептер үчүн уюштурулган. Бүгүнкү иш-чарадан көп нерсени күтүп жатабыз. Бизде расмий тил — орус тили. Учурда көптөгөн жаштарыбыз Орусияга ар кандай себептер менен кетүүдө. Орусиянын билим берүү базасы күчтүү. Алардан бизге көптөгөн китептер келип жатат. Алар мыкты сапаттагы китептерди жөнөтүшөт. Бул форумга катышуу биздин мектептер үчүн пайдасын тийгизет деген ойдомун. Алардын мугалимдери менен тажрыйба алмашуу жакшы жыйынтыкты көрсөтөт деп ишенем».

Ал эми Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Фрунзе атындагы орто мектептин директору Төлөйкан Азимкулова өзү жетектеген мектептеги көйгөйлөргө токтолду.

«Көбүнчө кадр маселесинде көйгөйлөр жаралууда. Көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун ушул форумдан таба алабыз деген ойдобуз. Орусиядан келген методисттердин сунуштарын эске алабыз. Бул форум ар бир орус тилдүү мектеп директорун кубандырып турат. Методикалык китептер бизге бекер берилет экен. Эки мамлекеттин билим берүүсүндө методикалык жактан айырмачылык бар. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда тажрыйба алмашуу болушу керек. Азыркы учурда мектептерге орус тилдүү кадрлар аз келип жатат. Мындан сырткары орус тилдүү, тажрыйбалуу мугалимдер сырт жакка чыгып кетишет. Мына ушул нерседен кыйналып жатабыз».

Бүгүн форумдун биринчи күнү жыйынтыкталды. Эртең, 22-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде эки тармак: орус тили, орус адабияты предметтери боюнча секциялык иштер улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM