Биз менен байланышыңыз

Руслан Сүйүналиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болду

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 170 | 0

Руслан Сүйүналиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 19-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

20-октябрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары жамаатка тааныштырылды.

Руслан Сүйүналиев бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык Свердлов району боюнча башкармалыгын жетектеген. Салык кызматында 25 жылдан бери иштейт.

Ал катардагы инспектор, башкы инспектордон баштап МСКнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча бир катар аймактык башкармалыктарынын начальнигинин орун басары жана начальниги кызматтарын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM