Биз менен байланышыңыз

Токобаев: Мамлекет бааны жөнгө салууну кеч баштады

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Окт 2021 | 669 | 1

Биз импорттон көз каранды болгондуктан, азык-түлүк коопсуздугу камсыз болбой жатат. Мындай пикирин экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал мамлекет бааны жөнгө салууну кеч баштады деген ойдо. Анын айтымында, азык-түлүктөр 20%га кымбаттаганда эле баштоо керек болчу.

«Бүгүнкү күндө өсүмдүк майы 73%га, кумшекер 42%га көтөрүлүп кетти. Кээ бири 100%га кымбаттады. Буга пандемия да себеп болуп калды, бул — жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк көйгөй. Бизде эле эмес, коңшу мамлекеттерде да продукцияга болгон баа көтөрүлдү. Бул жылы дүйнө жүзү боюнча кургакчылык болду, өзгөчө Кыргызстанда күндүн ысыгы 45-50 градуска чейин жетти, ошондой эле суу тартыш болду. Көптөгөн фермерлер бул нерседен жабыркады десек болот. Үчүнчү фактор — баанын өсүшү, биз импорттон көз каранды өлкөбүз, биз өсүмдүк майынын 95%ын импорттойбуз, өзүбүздө өндүрүм жокко эсе», — дейт ал.

Экономисттин айтымында, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу сөз кылуу үчүн мамлекет калкты тизмедеги негизги продукциялар менен 85%га камсыздашы керек.

Тилекке каршы, азыр 3 эле продукцияны 85 %га камсыз кылууда. Бул — картошка, жер-жемиш, сүт.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Нурлан

    20.10.2021 21:26

    Тилекке каршы, азыр 3 эле продукцияны 5 %га камсыз кылууда. Бул — картошка, жер-жемиш, сүт.

    5%га эмес, 85%га камсыз кылууда — деп озгортуп коесуздарбы.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM