Биз менен байланышыңыз

Алмаз Кадыралиев: Жашыл экономикага өтүүдө жарандарга мотивация керек

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Окт 2021 | 843 | 0

Биздин жарандар унааларын кыскартып, бир эле машина айдаса, бул алардын жашыл экономиканы алып келүүгө кошкон салымы болот эле. Мындай пикирин экономист Алмаз Кадыралиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Жашыл экономика деген терминдин түпкү мааниси — экономиканы өстүрүп, жумуш орундарын түзүп, бирок жаратылышты азыркыдай сактап калуу. Болбосо, акыркы 50 жылдын ичинде адам өндүрүштү көбөйтөм деп жатып, жаратылышка болуп көрбөгөндөй зыян алып келген.

«Кыргызстан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге кирет. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин статистикасын карасак, жаратылыштын бузулушуна алып келген ролу көрүнбөгөн нерсе. Эң өнүккөн мамлекеттердин жаратылышка алып келген зыяны 80%ды түзөт. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердики 20%. Анын ичинен Кыргызстанды карасак, биз болбогон 0,01%ды түзөбүз. Биз дүйнөлүк деңгээлде караганда жаратылышка зыян алып келген жокпуз. Бирок дүйнөгө зыян алып келген жокпуз деп жүрө бербей, өзүбүздүн деңгээлде, абанын  тазарышына, элге сапаттуу жашоо алып келгенге аракет кылуу керек», — деди экономист.

Анын айтымында, ноябрь айында Шотландияда БУУнун жашыл экономика, климат боюнча конференциясы болот.

«Буга чейин ар бир мамлекет жоопкерчилик алган. Биз 2030-жылга чейин температураны 1,5 градустан көтөрбөйбүз деп жоопкерчилик алганбыз. Бирок мамлекеттик деңгээлде аны кармап кала албайбыз, бизге эл аралык жардам, ресурстар, инвестициялар керек», — деген Кадыралиев жашыл экономикага келүүдө жөнөкөй жарандардын дагы ролу зор экенин белгиледи.

«Мисалы, биздин мамлекеттин жарандары машиналарын бирден эле кылып кыскартуусу, бул — жашыл экономиканы алып келүүгө жардам. Кыш келатат, жакында абанын булгануусу башталат. «Адамдар от жакпай үшүп жатса, аларга жашыл экономиканын эмне кереги бар?» — деген нерсеге алып келет. Ошондуктан бир нерсени талап кылардан мурун шарт түзүп берүү керек, мисалы, мен 6,5 тонна көмүр жакчумун, былтыр үйдүн тышын жылуулап, 4 тонна көмүр жактым. Менин жашыл экономикага кошкон салымым көмүрдү 2,5 тоннага аз жакканым. Ошондуктан мамлекет тарабынан мотивация болушу керек, «эски машинаңды тапшыр, мынча акча беребиз, же үйүңдүн сыртын жылуула, мынча акча беребиз» деген сыяктуу», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM