Биз менен байланышыңыз

Адиля Абдиева: Кыргызстанга «жашыл транспорт» тууралуу сөз кылуу эрте

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Окт 2021 | 543 | 0

Эгер биз Кыргызстанга жашыл транспортту киргизүү тууралуу сөз кыла  турган болсок, аны этабы менен жайылтуу керек. Мындай пикирин экономист Адиля Абдиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Толугу менен электромобилдер рыногуна өтүү үчүн биринчи кезекте мамлекеттин дараметин эске алуу керек. Экинчиден, ал унаалардын электрокыймылдаткычтарын туура утилизациялоону билүү керек. Мамлекеттин бул тармакты каржылоосу эске алынышы керек.

«Биздин Кыргызстан үчүн бул тууралуу сөз кылуу азыр эрте. Бизде калктын орточо кирешеси төмөн. Баасы 30 миң доллардан жогору электромобилдерди сатып алуу, же май куюучу бекеттердин ордуна электромобилдерди кубаттоочу станция куруу үчүн ири өлчөмдөгү инвестиция керек»,  — дейт экономист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM