Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Эми көп жакшы дарылар Кыргызстанга кирбей калат

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Окт 2021 | 379 | 0

Биз ЕАЭБге мүчө болгондуктан, эми бизде Казакстан менен Орусиянын эле дарылары калат, алар өтө деле жакшы дарылар эмес. Бул тууралуу медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыр дарылар жалаң ЕАЭБдин стандарты менен каттоодон өтүп жатат.

«Бул каттоо жолу биздин рынокто Европанын, Индиянын дарыларын жок кылат. ЕАЭБге киргенден бери бизде көп товарлар жоголуп, көбүнчө Орусия, Казакстан, Белорусь болуп жатпайбы. Дары-дармек жолу деле ошондой болуп калат. Мисалы, цефтриаксон дарысын алсак, Орусияныкы бар, Польшаныкы бар. Кайсынысы жумшак, кайсынысы сайганда оорутпайт? Менин өзүмдүн байкоом боюнча Польшаныкы жакшыраак, жумшак. Бизде рынокто сапат болушу үчүн кайра эле атаандаштык болушу керек. Дары бүт жактан келиши керек, дарыны эл, дарыгер өзү тандап алышы керек», — дейт эксперт .

Ал улуттук каттоону сактап, элге тандоо укугун, рынокто атаандаштыкты камсыздоо керек деген оюн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM