Биз менен байланышыңыз

Электр энергиясына болгон таңкыстыкты чакан ГЭСтер толтура алабы?

Коом , Экономика | 19 Окт 2021 | 1722 | 0

Бүгүнкү күндө Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облусунда чакан ГЭСтердин курулушу башталды. Аны куруу ата мекендик инвесторлорго берилет. Алар жабдууларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотулат. Жаңы чакан ГЭСтердин кубаттуулугу 100 мегаваттан ашат. 

Кыргызстандын аймактарында электр энергиясына болгон муктаждыкты жоюу максатында чакан ГЭСтерди куруу планы ишке ашырылып жатат. Аны курган ишкерлерге жеңилдиктер берилүүдө.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев чакан ГЭСтердин курулушун бир жылда бүтүрүү пландалганын айтты.

«Өлкөнүн ар бир облусунда суу ресурстары мол. Бардык аймактарда чакан ГЭСтер курулат. Учурда ар бир облуста кичи ГЭСтер курулуп баштады. Айрымдары жаңы эле тийиштүү жерлерин бөлүп алып, ишти баштады. Булардын курулуш мөөнөтү бат эле аяктайт. Министрлер кабинети тарабынан жаңы кабыл алынган Салык кодексине ылайык, энергияны кайра жаратуучу булактар боюнча иштешкен инвесторлор үчүн жеңилдиктер каралган. Мисалы, жабдууларды импорттоодо кээ бир салыктардан бошотулат. Бүгүн көпчүлүк ишкерди кызыктырган мына ушул КНСтен бошотуу. Учурда чакан ГЭСтерди ички инвесторлор куруп баштады. Бул — кубандыра турган жаңылык. Мындан сырткары тышкы инвесторлордун да кызыгуусу жаралып жатат. Кытай, Корея жана Түркия мамлекеттеринен инвесторлор келүүдө. Кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызыккандар көп».

Өткөн аптада Чүй облусунун Сокулук районунда чакан ГЭСтин ачылыш болду. Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок кийин негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланган. Буга байланыштуу аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган. Сокулук ГЭС-2 толук ишке кирсе, Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт. ГЭСтин ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, инвесторлорду энергетика тармагына инвестиция салууга чакырды.

«Бул демилгени ишке ашыруу үчүн ушул жылдын август айында Талас облусундагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 млн киловатт/саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушун долбоорлоо жана буга байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатат. Жалал-Абаддагы Кара-Көл ГЭСин куруу маселеси жакында башталат. Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ишке ашырылууда. Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери 20дан ашык компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушту. Энергетика жана өнөр жай министрлиги алар менен тиешелүү келишимдерди түзүп, чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу иштерин жүргүзүп жатат».

Бирок Кыргызстандын энергетика тармагы кризисте экенин адистер айтып келишет. Өлкө алган тышкы карыздын басымдуу бөлүгү ушул тармакка байланыштуу. Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев да ушул маселени айтат. Анын пикиринде, мамлекеттеги ГЭСтер менен ЖЭБдерде өндүрүлүп жаткан электр энергиянын көлөмү керектөөчүлөр үчүн жетишсиз.

«Кыргызстандагы чакан жана ири ГЭСтердин санын көбөйтүү зарыл. Ал эми чакан ГЭСтерди ар бир айыл, район жана жайлоолордо да куруу керек. Алыскы тоолуу аймактардагы жергиликтүү калкты ошол станциялар өндүргөн электр энергия менен камсыз кылса болот. Эмне үчүн чакан ГЭСтер толук кандуу курулбай жатат? Бул үчүн мамлекет, бийлик, президент аларды курууга, куруу иштери аяктагандан кийин «ушул суммада электр энергияны сатып алабыз» деп кепилдик бериши керек. Чакан ГЭСтен өндүрүлүп жаткан электр энергиянын компания берген коэффициентин аныктоо зарыл. Толук кандуу аныкталгандан кийин ички жана сырткы инвесторлор келе баштайт».

Ал эми экономист Элдар Абакиров кичи ГЭСтерди курууда инвесторлор үчүн мамлекет тарабынан кандай шарттар түзүлүшү керек экенин айтып берди.

«Кичи ГЭСтерди курган эки-үч ишкананын жетекчилери менен жолуккам. Алардын негизги көйгөйлөрү: уруксат алуу системасы оор. Суу, токой, жайыт чарбаларынан, айыл өкмөттөн, энергохолдингден, тагыраагы, онго жакын органдан кол койдургуча бюрократия жана коррупциялык тоскоолдуктар бар. Бул маселени мамлекет чечиши керек. Биз суубуздун болгону 10%ын колдонобуз, 90%ы жөн эле агып кетет. Ошол 90%ды толук колдонуу керек.  Ал эми салыктардан бошоткону жакшы. Анын да кандайдыр бир деңгээлде жардамы бар. Кошумча нарк салыгынын 12%ын төлөөдөн бошотсо, бажы төлөмдөрүн нөлгө түшүрсө, ал жерде пайда түшөт. Экинчи көйгөй, чакан ГЭС кура турган бир топ жердин уруксат кагазын көп киши алып койгон. Бирок өздөрү курбайт, же башкаларга курдурбайт. Ошолорду мамлекет көзөмөлдөп, кандайдыр бир убакыт бериши керек. Мисалы, алган компания үч-төрт жылда курбаса, башка ишканага өткөрүп берүү зарыл».

Республикада жалпы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон 19 чакан ГЭС иштейт. Ошондой эле мамлекеттин 100дөн ашык чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар.

Copyright © 2017 Maral FM