Биз менен байланышыңыз

Султангазиев: Бизде фармкомпанияларды чиновниктер бөлүп алган

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Окт 2021 | 692 | 0

Баңгизат, курал сатуудан кийин эле эң пайда келтире турган бизнес — фармбизнес. Мындай пикирин медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал 2018-2019-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Департаментте коррупция боюнча 10 чакты иш козголгонун, азыркы күндө алар каралбай калганын кошумчалады.

«Мурда бизге 12 миллиарддан ашык дары келчү, азыр 15 миллиарддай келип жатат деп ойлойм. Бул жерге чоң-чоң кишилер кошулган, чоң чиновниктердин сөзсүз фармкомпаниялары болорун биз баарыбыз билебиз. Бизде азыркы күндө 15 чакты фармкомпания бар, алар бөлүштүрүп алышкан. Бир компания тесттерди, бири кымбат дарыларды, бири антибиотиктерди алып келет, ошентип рынокту бөлүп алышкан. Байкасак бизде бийлик алмашканда, ооруканаларда сатып алуу дарыканалары да алмашчу. Ошентип министрлер келгенде фармацевтикалык компаниялары да алмашты эле, бул жакта коррупция, кызыкчылык бар деп айтса болот», — дейт эксперт.

Ал өзгөчө дарыларды каттоодон өткөрүү жагы коррупциялашканын, бир дарыны каттоого алуу үчүн 10 миң доллар сураган учурлар болгонун билдирди.

«1-июлдан баштап каттоо жолу өзгөргөн, ошондон кийин бизге каттоого дарылар келбейт. Буга чейин дарылар 6 айга чейин каттоодон өтүшү керек болчу. Европадан келген күчтүү дарылар бар эле, алар да каттоодон өтчү. Биз бир департаменттин өкүлүн уктук эле, бир дарыны каттоого 10 миң доллар сураптыр. Негизи менин угушум боюнча, мурун бир дарыны каттоодон өткөрүү үчүн 2-5 миң долларга чейин кетчү экен. Бирок бул эми далили жок сөз», — деди Султангазиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM