Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Дары баасын коюуда рынокко зыян келтирбөөнү ойлонуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Окт 2021 | 510 | 0

Биздин мыйзам дарылардын баасын чектей албайт. Мындай пикирин медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бизде жашоого эң керектүү, көпчүлүк колдонгон бир нече дарынын баасына чектөө бар. Бирок бизде дарынын 3 миңден ашык түрү катталган.

«Негизи бул жакты башка жол менен чечүү керек, биринчиден, рынокко зыян келбеши керек. Бизде 6,5 млн адам жашайт, онкология менен жылына 100 же 200 адам ооруйт. Ошолорго керектүү дарыларды эч ким алып келбейт. Фармкомпанияларга пайдасы жок. Бизде аз ооруган ооруларга дарыны көп алып келбейт, бирок эң кымбаты ошолор да. Ошондуктан бул жерде жол кичине башкача болушу керек, биринчи мыйзамдарды караштыруу керек», — деди ал.

Ал аз кездешүүчү ооруларга дарыны бир гана фармкомпания алып келерин, эгер аны жаап койсо, ал дарылар келбей каларын кошумчалады.

«Экономикалык жактан алганда бир дарыны үчтөн ашык компания алып келсе, туура болмок. Алар атаандашып, баасын түшүрүшмөк. Эки эле компания алып келсе, сүйлөшүп алышат. Ошол себептен кайсы дары бар, кайсы дары жок экенине анализ кылып, анан баасын киргизүү керек. Аны ошол баада алып келүү фармкомпанияга пайдалуу болобу, ал жагын да кароо керек. Болбосо, дары жок калат, эң коркунучтуусу ошол», — дейт эксперт.

Айбар Султангазиев былтыркы жайда коронавируска каршы дарылардын жоктугунан 4 миң сомдук «Клександын» баасы 20 миңге жеткенин эскертти. Ошол убакта өкмөт COVID-19 ал дарыларды чек арадан эркин өткөрүүгө уруксат бергени абалды жөнгө салып кеткенин айтып, мындай чараны башка зарыл дарыларга да колдонсо болорун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM