Биз менен байланышыңыз

Нурбек Муктар: Жаңы өкмөттүн кадрларында энергия көргөн жокмун

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2021 | 772 | 1

Буга чейин мындай долбоорлорду ар бир президент жазып чыккан. Кеп – анын аткарылышында. Мындай пикирин серепчи Нурбек Муктар уулу жаӊы өкмөттүн өнүктүрүү программасы тууралуу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал президенттердин программалары, убадалары кагаз бетинде эле калып келгенин эстетип, жазылганды ишке ашыруу үчүн саясий эрк керектигин кошумчалады.

Экинчиден, кадрлар чоӊ ролду ойнойт.

«Саакашвилини карасаң, көзүнөн энергиясы көрүнүп турат. Азыркы бийликтегилерден андай энергия көргөн жокмун. Тескерисинче, булар элди кекетип-мокотуп отурат. Бул бийлик бир жылдан бери эч нерсе кылган жок. Мыйзамды оңдоо боюнча кечеңдеп жатышат эмнегедир. Көп кадрлардын тажрыйбасы жок, максаты жок. Кадрлар баарын чечет, кадрлар ушул долбоорду сүйрөп кете алабы, маселе ошондо», — деди серепчи.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалай

    18.10.2021 20:15

    Туура. Кадрлар баарын чечет. Эдичка ты ни кто деп отурса булар жарымак беле.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM