Биз менен байланышыңыз

Темир Ажыкулов: Жаңы өкмөттүн элди «деградация болду» дегенге акысы жок

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2021 | 685 | 0

Жаӊы өкмөт 14-октябрда өлкөнү өнүктүрүү боюнча 10 этаптан турган программасын жарыялады. «Марал» экономист жана серепчилердин бул программа боюнча ой-пикирин укту.

Экономист Темир Ажыкуловдун айтымында, «жаӊы программа» деп аталганы менен мурункусунан айырмасы деле жок, баягы эле сөздөр, убадалар.

«Кыргызстанда 10-15 жылдан бери бизнес коомчулукка аралашып жүрөбүз, ишкерлердин укугун коргоп, жалпы жеке сектордун экономикада ролу маанилүү экенин айтып келе жатабыз. Бул программада жеке секторду колдоо керектиги аябай белгиленип, 4-5 приоритеттүү багыт берилиптир. Тилекке каршы, ушу программа жазылат да, аткаруу деңгээлине түшкөндө такыр иштебейт. Буга чейин да иштеген эмес, азыр да иштебейт деп ойлойм. Себеп дегенде, демилге көтөрүп чыгып, ошону эле Салык кызматы болсун, Министрлер кабинети болсун талкуулаганда, башка дүйнөдө жашагандай сезиле берет», — дейт ал.

Экономист ошондой эле программада «элди моралдык-руханий жактан өнүктүрүү» деген пункт бар экенин кошумчалады.

«Мен ойлойм, бул — аябай эле оор тема. Ошондой эле элди «моралдык жактан деградация болуп кетти» дешиптир, менин оюмча, алардын антип айтканга акысы жок. Эч кандай деградация болгон жок. Азыркы учурда коом, мамлекетке кызмат кылчу уюмдар бар. Булар коомго бир нерсе үйрөтүү органы эмес. Ошого аябай таң калдым», — дейт Ажыкулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM