Биз менен байланышыңыз

«Партия ичинде мыйзам бузгандар аныкталса, тизмеден чыгарылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2021 | 673 | 0

Эгерде алардын мыйзамды бузганы сот тарабынан аныкталса, партиянын тизмесинен чыгарылат. Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев анын тарапташтары түзгөн «Альянс» партиясында ири суммадагы коррупцияга шектелгендер бар экени тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

Депутат партиялашы тууралуу маалыматты «тастыкталбаган маалымат» деп атап, кээ бир саясатчылар адам уурдоо, бийликти басып алуу деген оор беренелер менен айыпталса да,  бүгүнкү күндө акталып, саясаттын топ башында жүргөнүн эскертти.

«Эгерде сиз айткан инсандар бүгүнкү күндө мыйзамды бузса, эгерде мыйзамды бузду деп сот чечим чыгарса, анда ал кишилер тизмеден чыгарылат. Бирок бүгүнкү күндө биз «Альянс» деген ат менен ар кандай күчтөрдү коштук. Биз араздашууга эмес, биригүүгө чакырдык. Башында платформаны белгиледик. Анан «Ушул принциптер менен иштейм, ушул принциптер менен күрөшөм, өзүмдүн көз карашымды чагылдырып, оюмду толук айтам» деген адамдарды чогулттук», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM