Биз менен байланышыңыз

Мирлан Жээнчороев Өмүрбек Бабанов, «Республиканын» тагдыры тууралуу

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Окт 2021 | 3060 | 0

Өмүрбек Бабанов бизнести тандап кеткенден кийин аны менен саясатты талкуулабай калганбыз. Бул тууралуу ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «Республиканын» мурунку лидери элге саясатта жүрүп эмес, бизнесте жүрүп көп пайда келтире аларына көзү жеткендиктен, саясаттан алыстады. Азыр ал ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырам деген ой менен жүрөт.

«Шайлоо боюнча биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз. Ал киши «саясаттан кеттим» дегенден кийин, мен аны жөн эле козгоп, же болбосо ал да мени козгоп, бул боюнча маселелерди талкуулаган жокпуз. Саясатта бир тобубуз бар болчу, ошол топтогулар бирибиз саясатты, бирибиз бизнести тандадык. Ошондуктан ар ким өзүбүздүн жеке жолдорубуз менен кеттик», — дейт депутат.

Ал ошондой эле «Республика» партиясынын шайлоого катышпаган себебин айтып берди.

«Былтыр «Республика» партиясы парламенттик шайлоого катышкан, өзүңүздөр билгендей, эбегейсиз административдик бузуулар менен, эбегейсиз акча таратуу жана добуштарды сатып алуулар менен шайлоо жокко чыгып кеткен. Ошону менен кошо ошо сатып алууларга, мыйзам бузууларга  жол ачкан бийлик дагы алмашты. Ошол күндөн баштап,  биз, платформасы бир болгон, көз карашы бир болгон саясий партиялар, саясий топтор жана саясатчылар, консолидация болуп, күчтөрүн бир тарапка топтоп, шайлоого аттанып чыгыш керек деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп баштаганбыз. Жогорку Кеңешке бул боюнча мыйзам жазып сунуштасак, өтпөй калды. Мындан улам ошол ойду карманган, жаңы шайлоого платформасы бир болгон, көз карашы бир болгон саясатчылар жана саясий партиялар шайлоого даярдандык. А жанагы өзүбүздүн партияларды шайлоого катыштырбоо боюнча чечимдерди чыгарганбыз. Ошол себептен «Республика» партиясы шайлоого катышкан жок», — деди Мирлан Жээнчороев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM