Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Бийлик бир мандаттуу округдан келген депутаттар менен эсептешүүсү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2021 | 726 | 0

Жаңы Баш мыйзамды кабыл алганда бийликке таасир этүүчү кээ бир инструменттер жокко чыгып кетти. Бул тууралуу ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал парламенттин беделин депутаттар түшүрөрүн айтып, эгер кийинки чакырылышка так позициясын билдире албаган, өздөрүнүн укугун билбеген, парламенттин укугун коргой албаган, талаптарды так кое албаган алсыз, билимсиз депутаттар келсе, парламенттин функциясы көрүнбөй каларын белгиледи. Бирок ага карабай, бийлик ар бир саясий күч, саясий партия, бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар менен эсептешүүсү керек. Өзгөчө бир мандаттуу округдан келгендер эл өкүлчүлүк милдетин аткарышат.

«Тилекке каршы, жаңы Конституция кабыл алганда кээ бир инструменттер жокко чыгып кетти. Биз бир колго, бир бийлик бутагына көп бийлик мүмкүнчүлүктөрүн концентрация кылып бердик. Ошол себептен  тең салмактуу болбой, бир жакка оорлошуп кетти. Бирок экинчи институтту, президенттин институтун, көзөмөл кыла турган мүмкүнчүлүктөр парламентте  аз да болсо калды. Ал — парламенттик көзөмөл, ал өздөрүнүн чыгарган  мыйзамдарын көзөмөлдөйт жана ошол Конституцияда белгиленген атайын органдар бар, комитеттер бар. Ошо комитеттер аркылуу мамлекеттик бюджетти карап атканда, мыйзамды карап атканда, өзүнүн функциясын аткарат. Экинчиден, парламент менен президент биргелешип койгон атайын көзөмөлдөөчү органдар бар, алар  — башкы прокурор, Эсептөө палатасы, Шайлоо комиссиясы. Эгерде парламент өзүнүн функциясын так аткарса, ошол инструменттер менен президент ыйгарым укуктарынан аша чаап кетсе, ага тең салмактуу кылып көзөмөлдөсө болот»,  — дейт депутат.

Ал эң акыркы инстанция катары эгерде президент  өзүнүн укуктарынан аша чаап, мыйзамдарды буза баштаса, парламентте импичмент жарыялаганга ыйгарым укуктары калганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM