Connect with us

Орусиядагы мекендештерди биометрикалык каттоодон өткөрүү жыйынтыкталды

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2021 | 739 | 0

4-октябрда башталган Орусиядагы кыргызстандыктарды жалпы биометрикалык каттоодон өткөрүү жана консулдук каттоо жыйынтыкталды.  Бул тууралуу БШКнын мүчөсү, чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Анара Дубанбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында,  учурда кайсы участокто канча шайлоочу бар экенин тактоо иштери жүрүп жатат.

«Буга чейин чет жактагы жарандарыбыздын эң негизги көйгөйү биометрикалык каттоодо болуп келген. Алар өздөрүнүн фамилияларын тизмеден таппай калышчу. Азыр болсо ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы кылдык. Анталияда бир жумадан ашык жүрүп, ал жактагы «Супара» деген канал аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошол каналдан бергизип атып, аябай көп жарандарыбыз келди. Каттоого тургузуу боюнча эртең мененки саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин иштеп жатышты. Азыр консулдук каттоо башталган. Күнүнө жүздүн тегерегиндеги адам каттоодон өтүп жатты, биз 8-9 күн иштедик. Азыр деле өтүп жатышат», — дейт ал.

Ал кыргызстандыктар кайсы жерде жашап жатканы жөнүндө билдирүү алып эле консулдук каттоодон өтүп, биометрикасын тактап, добуш бергенге укугу бар экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM