Connect with us

Чет жактагы мекендештер партиялык тизме менен гана добуш беришет

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2021 | 656 | 0

Быйыл чет өлкөлөрдө баш-аягы 58 шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү, чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Анара Дубанбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган 10 участок Орусия, АКШ, Италия, Түркия мамлекеттеринде.  Учурда ал жактарда шайлоо тартиптерин түшүндүрүү боюнча мобилдик топтор иштеп жатат, алар жакын арада ишин бүтүп калат.

«Биздин жумушчу топтун мүчөлөрү Москва жана Питер шаарына барып келдик. Түркиянын Анталия шаарында жаңы штаб ачылган, ошол жакта болдук. Тышкы иштер министрлиги жана Санариптештирүү министрлиги менен барып, чет мамлекеттеги жарандарга сөзсүз консулдук учёттон өтүү, анан биометрикалык тактоо, ошолордон өтүп туруп, анан шайлоого барууну түшүндүрүп, ошол иш боюнча иш жүргүздүк», — деди ал.

БШК мүчөсү чет жактагы мекендештер Кыргызстандагы жарандардан айырмаланып, партиялык тизме менен гана добуш берерин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM