Биз менен байланышыңыз

Экономист: Санариптик өнүктүрүү министрлигин жойбошу керек болчу

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2021 | 590 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлигин жойбой, кайра күчөтүү керек болчу. Мындай пикирин экономист Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал  санариптик өнүктүрүү министрлиги фискализациялоодо аябай чоң жардам берерин белгилеп, аны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары жаңы өкмөткө экономикалык блокко санариптик бюджетти киргизүүнү сунуштады.

«Ал эми экономика менен финансы министрлигин бөлгөнгө макулмун. Бирок коммерция министрлиги деген Кытайга жарашат. Себеби Кытай дүйнө жүзүн кийинтет. Экономикалык идеологияны айтсам, 30 жылдан бери экономикага, салык системасына, акчага, жүрүм-турумубузга биздин көз карашыбыз калыптана элек, коом быша элек. Бирок муну бышыруу бат эле болушу керек эле да, ошон үчүн экономикалык идеология бүгүнкү күндө жок. Экинчиден, бизде экономикалык теория да жок», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM