Биз менен байланышыңыз

Гурас Жапаров: Жаңы өкмөт чоң цифраларды айтууда абайлашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2021 | 906 | 0

Жаңы өкмөт башчы цифраларды айтып жатканда абайлашы керек. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эң биринчи эле акчаны кайдан алып бюджетти толтурат деген маселе чыгат.

«Бул жерден мен эки ойго кеттим: көмүскө экономика деген бар, ошону ачыкка чыгаруу керек. Анан ал көмүскө экономикадагылардын бардыгын салык төлөткөнгө аракет жасоо керек. Эми аны 30 жылдан бери эле ошентип келатышат, жыйынтык жок.  Экинчиси, мурда Кытай менен мамилебиз жакшы болчу, жүк ташуу, товар ташуу жакшы болчу. Ал азыркы учурда токтоп турат. Бизде кирешеге караганда чыгаша көп болуп жатат, көп капитал тышка чыгып кетти. Анан «жылдын аягына чейин мен 280 миллиард сом кылып коем» деген ойго мен ишенбейм. Бул цифраларды элге айтып жатканда абайлоо керек. Бизге бюджеттин киреше бөлүгү толду деп койгондо да, чыгаша бөлүгү бар. Ошондо эл баягы кирди делген 100 миллиарддын каякка жумшалганын сурайт. Бюджет деген — капчык деген сөз, силер капчыкты алдай албайсыңар», — дейт экономист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM