Биз менен байланышыңыз

Шаирбек Маматокторов: Өкмөт алдыга жылдырбаса да, артка кетирбесе экен

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2021 | 766 | 0

Жаңы өкмөт мени канааттандырган жок жана мындай өкмөт нормалдуу адамды канааттандырбашы керек. Мындай пикирин коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «эскилерден турган жаңы өкмөттүн» башчысы реалдуу цифраларды, реалдуу иш пландарын айтышы керек болчу.

«Жөндөн-жөн эле асмандан алып:«бюджетти 280 миллиардга көтөрөбүз», — деди, эмненин эсебинен, кайсы булактардан? Же дагы салыктарды көбөйтөбү, же тарифтерди көбөйтөбү? Кайра эле калктын жонунан кайыш тилүү ыкмасы мененби, же чындап экономикалык башка гениалдуу нерселерди ишке ашырып, анан бюджетти толтурабы? Популизм, жалган айтуу, элдин көзүн боёмочулук кылып атып, алдыга жылдырбай эле койсун, бизди артка кетирбей турган өкмөт жок болуп жатат»,  — деди ал.

Ал Кыргызстан ар жылы 25-30 миллиард таңсыктык менен карызга жашап келатканын айтып, «Кумтөрдө» да киреше азайганын белгиледи. Мындай абалда бюджетти 280 млрд менен жабуу, кийинки жылы 400 млрдга чыгуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM