Биз менен байланышыңыз

Али Шабдан: Партиялар элди идеянын, принциптин аркасына бириктире алган жок

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Окт 2021 | 441 | 0

Элдин аң-сезими өзгөрүүсү, саясий маданияттуулук калыптануусу үчүн абдан чоң комплекстүү иштерди алып баруу керек. Мындай пикирин жарандык активист Али Шабдан «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, социалдык блокту алып, билим берүү тармагын, бардык бийлик күч структураларын реформа кылуу керек. Экинчи маселе, бул азыркы кырдаалды, Кыргызстанда болуп жаткан саясий кризис , экономикалык кризис жагын эске алышыбыз керек. Анткени былтыр ар бир жаран 2000 сомдон сатылганын көрүп, анан бир чечимдерди кабыл албагандан кийин, азыр ал тобокелдиктердин өсүшү көрүнүп эле турган иш.

«Үчүнчү маселе, саясий маданияттын калыптануусу.  Парламенттин өкүлчүлүктөрүнө барганда фракцияларды ар ким өзүнүн идеологиясынын аркасында барат деп айтабыз го.  Ал эми өнүккөн өлкөлөрдү карасак, идеянын аркасында биригүүлөр болот. Бизде идеянын аркасынан бириккен бир дагы саясий уюм жок экенин көрдүк. Анткени коммунисттер социалисттер менен биригип, социалисттер либерал-демократтар менен биригип, аралаш боткого окшогон эле саясий маданият түптөлүп келе жатат. Бул — тилекке каршы, артка кетүүнүн абдан чоң көрсөткүчү. Бул жанды кейите турган нерсе, анткени саясий маданияттын калыптануусун 30 жылдан бери ишке ашыра албаганыбыз аз келгенсип, аны кайра артка тартып, элди идеянын, принциптин аркасына бириктирүүнүн ордуна кайра бир болбогон аралаш саясий маданиятты көрүп жатабыз», — деген ойдо жарандык активист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM