Биз менен байланышыңыз

«Бизге тең салмакты камсыздай турган парламент керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Окт 2021 | 378 | 0

Былтыркы шайлоодо айтылып жаткан убадалар быйыл да айтылса, эл ишенбеши керек. Мындай пикирин жарандык активист Али Шабдан «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, туура тандоо жасоо тууралуу сөз кыла турган болсок, былтыр парламенттин ыйгарым укуктары күчтүү болчу. Азыр алардын ыйгарым укуктары азайды, ошондуктан эл программаны окуп жатканда убадаларды карап көрүүсү керек, себеби, былтыр айтылып аткан убадалар такыр эле аткарылуусу мүмкүн эмес.

«Анткени азыр бийлик бир адамдын колуна өттү, аны биз азыркы учурда практика жүзүндө көрүп атабыз. Анан бул парламенттин миссиясы ошол бийликке тараза боло турган бир миссия болушу мүмкүн, эгер ошондой бир жакшы парламент күтө турган болсок. А эгер баягы эле бийликтин көзүн карай турган парламент келе турган болсо, анда баягы 6- чакырылыштын мыйзамдуу укуктары болуп туруп эч нерсе кылбагандан кийин, 7- чакырылыштан жакшы бир мыйзамдуу идеяларды күтүү дээрлик мүмкүн эмес. Ошон үчүн биз жарандарга айтып кетишибиз керек, баягы популизм менен алектенип, «биз мындай кылабыз, биз тигиндей кылабыз» деген программаларды айта турушкан болсо, бул — жөнөкөй бир курулай популизм. Тең салмакты камсыз кылабыз деген программалар болсо жакшы болмок деп ойлойм», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM