Биз менен байланышыңыз

Али Шабдан: Бийлик былтыркы партияларга чара көргөн жок

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Окт 2021 | 395 | 0

Былтыркы октябрь окуясындагы кан төгүүлөргө себеп болгон талапкерлерге, партияларга бийлик эч чара көргөн жок. Мындай пикирин жарандык активист Али Шабдан  «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал алдыда өтө турган шайлоону «логикалык жактан былтыркы өтпөй калган шайлоонун уландысы» деп атап, андагы добуш сатып алган 3 партия кайра эле шайлоого катышканы жатканын тобокелчилик катары баалады.

«Эл таза адамдар келет деп үмүт эткен, ошол адамдар жазаланышы керек болчу. Толук баа берилип, талапкерлерге чара көрүлүп, партияларды кара тизмеге киргизүү боюнча же кандайдыр бир шайлоого катыштырбай, жазалоо жолдору болушу керек болчу. Ал нерсе болбогондон кийин ал партиянын талапкерлери башка партия аталып, жаңы логотиптерди илип алып эле келе жатышат. Ошон үчүн бул жерде абдан чоң суроо, абдан чоң тобокелдиктер болуп атат. Экинчи маселе, шайлоону өткөрүүдө сатып алуу же админресурс колдонулса, БШК жалгыз эч нерсе кыла албай турганын билебиз.  БШКга ИИМ, УКМК жардам бериши керек», — дейт ал.

Анын айтымында, мыйзам бузууга барган партия, талапкерлерди жазалоо жагын жана болуп келген мүчүлүштүктөрдү жакшылап карап көрүп, ошол кемчиликтерди кайталабоо үчүн алдын алуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM